Кудайдын отун уурдаган баатыр
Прометей сууктан азап чеккен айры бут пенде балдарына кудайлардын отун уурдап келген. Ал үчүн Зевстин каарына калып, аскага кадалган, адам чыдагыс азаптарга туш келген. Бул ирет кыргыз аңгемесинин классиги Аман Саспаевдин “Прометей жана Зевс” аңгемеси тууралуу кеп кылабыз. Аксарай турмушу Прометей деле башкаларчылап көк асманда кайгы-капаны билбей кылымдап тынч жашай берсе болмок. Каалаганы даяр, оюн десе оюн, зоок десе зоок, жыргап гана күн өткөрмөй. Бирок эриккенде кудайлар да жерге түшүп эки аяктуу пенделерин көрүп... Читать дальше...