Түркмөнстанда добуш берүү аяктады
Түркмөнстанда 12-мартта кезексиз президенттик шайлоо өттү. Бул саясий өнөктүк бийликти авторитардык президент Гурбангулы Бердымухамедовдон анын уулу Сердарга өткөрүп берүүнүн формалдуу көрүнүшү катары бааланды. Бул Борбор Азия мамлекетинде шайлоо деген негиз менен бийликти атадан балага мураска өткөрүү жөрөлгөсү ишке ашканын бозгунда жүргөн түркмөн оппозициясынын өкүлдөрү белгилешти. Түркмөнстанда Ашхабад убактысы боюнча кечки саат 7ге карата шайлоо участкалары жабылды. Берилген добуштар саналып жатканы айтылды. Читать дальше...