"Биринчи каналдын" согушту жектеген журналистине айыппул салынды
Москванын Останкино соту "Биринчи каналдын" жаңылыктар кызматынын редактору Марина Овсянникованы нааразылык акцияларына чакырганы үчүн 30 миң рубль айыпка жыкты. Журналист түз ободогу кечки жаңылыктар программасында согушка каршы плакат менен чуркап чыккандан кийин атактуу болду. Бирок ал кадамына чейин интернетке коюлган видео үчүн административдик жоопко тартылды. Ага түз эфирде Путинди айыптап, согушту жектеген аракети үчүн кылмыш иши козголгону азырынча ырастала элек. Соттон Mediazona телеканалы түз алып көрсөттү. Читать дальше...