Зеленский Орусиянын экономикасын колдоду деп Германияны айыптады
Украинанын президенти Владимир Зеленский немис Бундестагында видео байланыш аркылуу кайрылуу жасап, Орусиянын украин жергесине кол салуусунда жана миңдеген адамдын өлүмүндө Германиянын да жоопкерчилиги бар экенин маалымдады. Ал бир кезде Германиянын ортосуна тургузулуп, кийин бузулган дубалды эске салып, азыр Орусия Европа менен Украинанын ортосунда ошондой дубал куруп жатканын айтты. “Биз силерге “Түндүк агым” линиялары – чоң согушка даярдык жана курал экенин айтканбыз, бирок анда "бул - экономика" деген жооп алганбыз. Читать дальше...