Украина: Сумы шаарынан элди эвакуациялоо аракети жүрүп жатат
Украинанын расмий өкүлдөрү 8-мартта Сумы шаарынан эки колонна эвакуацияланган эл чыгарылганын билдиришти. Анын алдында Орусия менен ок атууну убактылуу токтотуп, гуманитардык коридор түзүү макулдашылган. Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук Сумыдан чыгарылгандар Полтавага карай бет алганын айтты. Эвакуациялангандардын арасында индиялык жана кытайлык студенттер бар. Ок атышпоо келишими жергиликтүү убакыт менен, саат 21ге чейин уланмакчы. Алдыңкы күнү шаар орус армиясынын аба соккусуна кабылганда 21 киши мерт кеткенин... Читать дальше...