БУУнун Гаага соту Орусиядан согушту токтотууну талап кылды
Гаагадагы Эл аралык Кылмыш соту Орусия Украинадагы " атайын аскердик операциясын" чукул токтотууга тийиш деп чечти. Сот ошондой эле Москва менен Киевди жаңжалды курчутчу кадамдардан баш тартууга үндөдү. БУУнун соту Украинанын Орусияга каршы доо арызын 7-мартта карай баштады. Киев Москваны геноцид боюнча эл аралык конвенцияны туура эмес чечмелеп жатат деп айыптады. Доогердин позициясына ылайык, орус бийлиги бул конвенцияны кыянаттык менен пайдаланып, Украинага басып кирүү үчүн шылтоо катары колдонгон. Читать дальше...