Зомбулукка кабылган аялдар жана балдар менен иштөө боюнча китепчелер даярдалды
Зомбулукка кабылган аялдар жана балдар менен иштешкен милиция кызматкерлери үчүн атайын китепчелер даярдалды. Бул тууралуу 14-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, зомбулуктун түрлөрү жана белгилери, аялдар жана балдар менен иштөө өзгөчөлүктөрү, аларга жардам берүүнүн эл аралык стандарттары, зомбулукту алдын алуунун укуктук негиздери жана ыкмалары жазылган китепчелер Кыргызстандын бардык аймактарына таратылып, өспүрүмдөр менен иштешкен инспекторлорго... Читать дальше...