Молдомуса Конгантиев каза болду
Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиев каза болду. Бул маалыматты анын жакындары "Азаттыкка" ырастады. Азырынча сөөгү качан жана кайда жерге берилери айтыла элек. Молдомуса Конгантиев 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Сай шаарында туулган. Ички иштер органдарында 1979-жылдан тарта кызмат өтөй баштаган. Ал Ички иштер министрлигин 2008-2010-жылдарда жетектеген. 2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин кызматтан кеткен. Милициянын генерал-лейтенанты Конгантиевге 2005-жылдын 24-март... Читать дальше...