Медицина тармагын реформалоо аракети өзүн актайбы?
Саламаттык сактоо министрлигинин Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборун Тез жардам клиникалык борборуна айландыруу демилгесинен чыккан чыр медицина тармагындагы көйгөйлөрдү күн тартибине чыгарды. Саламаттык сактоо тармагынын бүгүнкү абалы кандай? Тармакты реформалоо боюнча бийликтин кезектеги аракети өзүн актайбы? Канткенде кыргыз медицинасы ден соолуктун заманбап сакчысына айланат? “Азаттык” бүгүн ушул жана башка суроолорго “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издейт.