Сот көз карандысыз боло алабы?
Кыргызстанда сот реформасы боюнча маселе кайрадан күн тартибине чыкты. Буга Жогорку сот жана Конституциялык палатынын төрагаларынын алмашып, соттун көз карандысыздыгы тууралуу убадалары себеп болду. Ар президент бийликке келгенде убада кылган соттук реформа ишке ашып жатабы? Үч ыңкылаптын башкы себептеринин бири делген соттордун көз карандысыз иштешине шарт түзүлдүбү?