Зеленский менен Байден телефондон сүйлөшөт
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын президенти Жо Байден менен “жакынкы сааттарда” телефондон сүйлөшө турганын украин президентинин кеңсеси 13-февралда билдирди. Бул жолку чукул сүйлөшүү дагы коопсуздук маселесине арналып, Орусия Украинага кол салат деген кооптонгон учурга туура келди. Бул кабар АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 13-февралда "Киевдеги америкалык элчиликтин кызматкерлерин эвакуациялоо чечими Орусиянын кол салуу коркунучуна негизделди" деп айткандан кийин чыкты. Читать дальше...