World News in Kyrgyz





160*600

Новости сегодня на DirectAdvert

Новости сегодня от Adwile

Актуальные новости сегодня от ValueImpression.com


Опубликовать свою новость бесплатно - сейчас


<
>

Февраль
2022

Новости за 16.02.2022

Azattyk.org 

Ханнс Зайдел фонду Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдарга басымга нааразылыгын билдирди

Кыргызстанда 20 жылдан бери иш алып барган Германиянын Ханнс Зайдел фонду өлкөдөгү өкмөттүк эмес уюмдарга карата басымдарга жана айыптоочу риторикаларга нааразылыгын билдирди. Мекеменин билдирүүсү фонддун Борбор Азия боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Макс Георг Майердин атынан таратылды. Кайрылууда уюм ачылгандан бери Кыргызстандын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруусун өнүктүрүү, кадрларды даярдоо, экологияны сактоо жана башка багыттарга салым кошконун, ага карабай бийлик өкүлдөрү жана... Читать дальше...




Azattyk.org 

Украиналык ырчы Eurovision сынагына катышуудан баш тартты

Украиналык ырчы Алина Паш коомчулуктун басымынан кийин Eurovision-2022 сынагына катышуудан баш тартканын жарыялады. 28 жаштагы музыкант «Инстаграм» баракчасында коркутууларга жана каралоолорго, социалдык түйүндөрдө чабуулга кабылганын маалымдады. Алина Паш сынакка 12-февралда тандалып алынган эле. Анын жеңиши социалдык түйүндөрдө кескин сын-пикирлерди жараткан. Украин коомчулугу аны Орусия аннексиялап алган Крымда концерт өткөргөнү үчүн айыптаган. Ырчы 2015-жылы Крымда ырдаганы үчүн "Миротворец” деп аталган атайын базага киргизилген. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тайланддын бийлиги Бангкоктун аталышын өзгөрттү

Тайланддын бийлиги Бангкок шаарынын аталышын Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деп өзгөртүү чечимин кабыл алды. Бангкок шаардын расмий эмес аталышы катары кала берет жана тексттерде кашаанын ичинде көрсөтүлүп турат. Тай тилинде башкалаа дайыма Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деп айтылчу жана андан да узун аталышы 40 тамгадан турчу. Англис жана башка тилдерде ал Бангкок деген ат менен белгилүү болгон. 2001-жылы бийлик шаарды англисче аталыш менен эле атай берүүнү чечкен болчу. Крунг-Тхеп-Маха-Накхон деген сөз “Периштелердин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Өкмөт 100 күндө эмнени өзгөрттү?

100 күндөн ашык убакыт иштеп жаткан Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргызстан «кедей өлкө» синдромунан арылып, алдыда чоң долбоорлорду ишке ашырууга белсенип жатканын билдирди. Өкмөттүн амбициялуу пландары реалдуубу, ал кагаз бетинде калып калбайбы? Экономикадагы реалдуу өзгөрүүлөрдү жасоо үчүн кандай кадамдар жасалышы керек? «Эксперттер талдайт» программасынын бүгүнкү чыгарылышында ушул суроолор талкууланды.

Azattyk.org 

Кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүү кыйындады

Жогорку Кеңеште 16-февралда кыргыз-казак чек арасынан жүк ташуучу машинелердин өткөрүлбөй жатышына байланышкан маселе көтөрүлдү.   Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев маселеге байланыштуу эки тарап Казакстанда сүйлөшүүлөрдү жүргүзө баштаганын, анын жыйынтыгы азырынча чыга электигин билдирди.    Казакстанга оор жүк ташыган кыргызстандык ишкерлер казак бажычылары соңку бир жумадан бери товарларды "эч себепсиз текшерип жатат" деп нааразы болуп жатышат. Айдоочулардын айтымында, казак... Читать дальше...

Azattyk.org 

Байсалов: Кумтөр өзүбүзгө тийгени моралдык чоң жеңиш болду

Кумтөр алтын кенин өз алдынча иштетүү укугун алганы Кыргызстан үчүн моралдык чоң жеңиш болду. Мындай пикирин 16-февралда “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында сүйлөп жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди: “Бул болуп көрбөгөндөй чоң жеңиш. Биринчи кезекте моралдык жеңиш. Кыргыздын алтыны өз жергебизде калсын деген. Ал жерде эч нерсе калбаган күндө да, биз уттурган күндө да, өзүбүздүн мамлекеттүүлүгүбүздү далилдеп, өз жерибизде өзүбүз кожоюн экенибизди Садыр Жапаров көрсөтө алды. Читать дальше...

Azattyk.org 

Энергетика: кризистен чыгуунун жолу барбы?

Кыргызстандагы энергетика тармагынын көйгөйүн быйылкы таңсыктык ого бетер тереңдетти. Расмий маалыматка караганда, азыркы тапта электр кубатынын тартыштыгы алты миллиард киловатт саат болууда. Кырдаалдан чыгуунун кандай жолдору бар? Кандай тобокелчиликтер күтүп жатат? Ушул жана башка суроолорго “Азаттыктын” түз эфирдеги “Арай көз чарай” талкуусунда жооп издедик. Талкууга Энергетика министрлигине караштуу Энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун директору, профессор Батыркул Баетов, ЮНИСОН коомдук бирикмесинин жетекчиси... Читать дальше...

Azattyk.org 

Алматыда кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы талкууланды

Казакстандын Алматы шаарында кыргыз-казак соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча жумуш тобунун биринчи отуруму өткөнүн 16-февралда кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы билдирди. Отурумга кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев баштаган расмий делегация катышты. Ортодогу соода-сатык, товар жүгүртүү, жүк ташуу маселелери, чек арадагы “Ак-Тилек” жана “Карасу” бекеттеринин жанына индустриалдык соода-логистикалык комплекс куруу, Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы мамиле... Читать дальше...

Azattyk.org 

Украина: НАТО менен Орусиянын ишеним чекити

Москва Украинанын айланасындагы айрым аскердик күчтөрүн артка кайтарып жатканын билдиргени менен НАТО буга ынанбай турат. Акыркы убакта Орусияда кабыл алынган мыйзамдарга ылайык мигранттарга коюлган талап-шарттар катаалдашып кетти. Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча топографиялык жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү.

Azattyk.org 

Беларус бийлиги Орусиянын аскерлери машыгуу бүткөндөн кийин кетерин билдирди

Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей өлкөдө биргелешкен машыгууга катышып жаткан Орусиянын жоокерлери ушул аптанын соңунда аскердик машыгуулар аяктагандан кийин чыгып кетерин жарыялады. “Бир дагы жоокер, бир дагы аскердик техника калбайт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги да, Лукашенко да, ЕККУнун астындагы иш-чараларына катышып жаткан беларус делегациялары улам-улам айтып жатты”-деди Макей 16-февралда Минскидеги басма сөз жыйынында. 10-февралда Беларуста Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуу башталган. Читать дальше...

Azattyk.org 

"Эркин Европа/Азаттык радиосу" менен кызматташкан журналист Крымда алты жылга соттолду

Орусия аннексиялап алган Крымдын соту “Крым.Реалии” сайтынын штаттан тышкаркы кабарчысы Владислав Есипенкону алты жылга абакка кесип, айыппул салды. Сот мындай өкүмүн 16-февралда жабык өткөн отурумда жарыялады. “Эркин Европа/Азаттык радиосунун” долбоорунун фрилансери "гранатаны мыйзамсыз сактаган жана ташыган" деп айыпталып жатат. Прокуратура аны 11 жылга камакка алууну өтүнгөн болчу. Орусия жана Украинанын жараны Владислав Есипенко былтыр мартта украин атайын кызматтарынын кызыкчылыгына тыңчылык кылган деген айып менен Крымда кармалган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Жогорку сот Казыбек казалчыны актаган чечим чыгарды

Өткөн кылымдын башында Казыбек казалчы деген ат менен таанылган акын Казыбек Мамбетимин уулу реабилитация болду. Тарыхый инсанга реабилитация укугун берүү тууралуу чечим Жогорку Сотто бүгүн 16-февралда чыкты. Мекеменин маалыматына караганда, Казыбек Мамбетимин уулунун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра кароо тууралуу өтүнүч менен Башкы прокуратура кайрылган. Натыйжада өтүнүч канааттандырылып, СССРдин Аскердик трибуналынын жана Жогорку сотунун өкүмдөрү жокко чыгарылды. Реабилитациялоо маселесин... Читать дальше...

Azattyk.org 

Мигранттардын абалы, ЕАЭБге сын

Парламент депутаттары Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө болгону менен Орусияда мигранттардын укугу корголбой, жаңы жылдан кийин аларга шарттар катаалдашып жатканын сынга алышты. Орусия миграциялык мыйзамдарды улам катаалдаштырып келет. Жакында эле кигизилген жаңы медициналык талапка ылайык, мигранттар үч ай сайын текшерүүдөн өтүп турушу керек. Жогорку Кеңештин 16-февралдагы жыйынында эл өкүлдөрү маселени мамлекет башчыларынын деңгээлинде көтөрүп, айрым суроолорду кабыргасынан коюуну талап кылышты. Читать дальше...

Azattyk.org 

Аида Исмаилова Түштүк Кореяга элчи болуп дайындалды

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргызстандын Түштүк Кореядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров 16-февралда кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 46 жаштагы Аида Исмаилова Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты. Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөттө социалдык маселелер боюнча вице-премьер болуп 2020-жылдын апрелинен августуна чейин иштеген. Коронавирус пандемиясына даярдык көрүүдөгү ызы-чуудан улам кызматын убактылуу тапшырган. Читать дальше...

Azattyk.org 

Ошко жашылча ташыган өзбекстандыктар

Соңку беш жылдан бери коңшу Өзбекстандын дыйкандары Ош облусуна ар кандай азык-түлүк товарларын экспорттойт. Жергиликтүү базарды жашылча-жемиш менен камсыздап, өздөрү да киреше табат.

Azattyk.org 

Аалымдар кеңешинин төрагасы алмашты

Аалымдар кеңешинин төрагасы Көчкөнбай Садиллаев ден соолугуна байланыштуу төрагалык кызматын тапшырып, ордуна Абдиманап Масалиев шайланды. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 16-февралда VII чакырылыштагы Аалымдар кеңешинин жыйынында Садиллаев кызматтан кетүү боюнча арызын жазып, ал канааттандырылды. Анын ордуна кеңештин бирдиктүү добушу менен Абдиманап Масалиев төрага болуп шайланды. 57 жаштагы Масалиев Баткен шаарында төрөлгөн. 1991-1994-жылдары Ташкенттеги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Бакыттын даамын сезүү үчүн пейилди оңдойлу

Албетте, ар бир адам бактылуу жашоо тууралуу кыялданат. Миллиондогон кишинин күнүмдүк жашоонун убаракерчилигин тартып, жаны тынбай кыбырап келатканы да бакытты издегенден уламдыр? Адамдын узак жашоосун камсыз кылуу, өзүн бактылуу сезишин камсыздоо үчүн байманасы жетишкен коомдун эң акылдуулары тынымсыз изденип келет. Алмустактан бери жазылган сан жеткис ар кыл жанрдагы адабий чыгармалар, ыр саптары, түрдүү усулду карманган мектептер, окуулар, диндер дал ушул суроонун туура жообун табуу үчүн ат салышкандай. Читать дальше...

Azattyk.org 

Тажикстанда 39 кыргыз жараны чек арадан мыйзамсыз өткөн деген негизде соттолду

2021-жылы Тажикстандын Согд облусунда 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолду. Бул тууралуу Согд облустук сотунун төрагасы Бахтиёр Окилзода Кожент шаарындагы басма сөз жыйынында билдирди. “Кармалгандарга байланыштуу чек араны мыйзамсыз кесип өтүү беренеси менен 27 кылмыш иши козголгон. Мыйзам бузгандар ар кандай мөөнөт үчүн жазага тартылышты”,-деди ал. Ал чек ара жаңжалдарына катышканы үчүн соттолгон Кыргызстандын жарандары жок экенин кошумчалады. Кыргызстанда да ондогон... Читать дальше...

Azattyk.org 

Орус Коргоо министрлиги Крымдагы аскерлер артка кайтканын билдирди

Орусиянын Түштүк аскердик округунун аскердик бөлүктөрү Крымдагы полигондордогу машыгууларын аяктап, артка кетти. Бул тууралуу 16-февралда "Интерфакс" маалымат агенттиги Орусиянын Коргоо министрлигине таянуу менен кабарлады. Басылма аскердик техникалар, анын ичинде танктар жана артиллериялык аткычтар темир жол аркылуу өздөрүнүн туруктуу жайларына кайтып бараткан видеосун да жарыялады. Министрлик кабарлагандай, аскерлер Крым көпүрөсү аркылуу Керч кысыгынан өтүп кетти. Орусиянын Коргоо министрлиги... Читать дальше...

Azattyk.org 

Жалал-Абадда он чакан ГЭС куруу пландалууда

Жалал-Абад облусунда 2022-жылдын аягына чейин он чакан ГЭС куруп, пайдаланууга берүү пландалып жатат. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, облустук бийлик ГЭС куруу мүмкүнчүлүгү бар ички жана сырткы инвесторлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. “Биз бардык инвесторлор менен сүйлөштүк. Алардын басымдуу бөлүгү ички инвесторлор. Токтогул районуна эки, Кара-Көл шаарына бир, Аксы районуна эки, Чаткал районуна эки, Базар-Коргон районуна эки... Читать дальше...

Azattyk.org 

Түркмөнстан: мурдагы саясий туткун шайлоого катышарын жарыялады

Мурдагы саясий туткун Гелди Кяризов Түркмөнстандагы президенттик шайлоого катышууну чечкенин билдирди. Анын видео кайрылуусун “Түркмөнстандын жарандарынын укуктары жана эркиндиктери” аттуу укук коргоо уюмунун Turkmenyurt.tv сайты жарыялады. Кяризов мындай чечимди президенттик кызматка азыркы мамлекет башчы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар катышары жарыялангандан кийин кабыл алганын айтты. Ал өлкөдө “бийлик фараондордун доорундагыдай династиялык формада атадан балага өтпөшү керектигин” билдирди. Читать дальше...

Azattyk.org 

Баткенде өкмөттүн көчмө жыйыны өтөт

Өкмөттүн кезектеги көчмө жыйыны 22-февралда Баткен шаарында өтөт. Бул тууралуу 16-февралда Жогорку Кеңеште депутат Чыңгыз Ажибаевдин суроосуна жооп берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Депутат Ажибаев Баткен облусундагы өзгөчө жеңилдиктер берилүүчү айылдардын тизмесине кызыгып, аны ким түзгөнүн, өкмөт облусту өнүктүрүүгө былтыр убада кылган 500 миллион сомдун дайыны эмне болгонун сурады. Жапаров тизмени биринчи орун басары Арзыбек Кожошев жетектеген штаб түзүп... Читать дальше...

Azattyk.org 

Киши колдуу болгон милиционердин жакындары нааразылык билдирүүдө

Алай районунда киши колдуу болгон милициянын лейтенанты Нурланбек Эркуловдун туугандары соттун чечимине нааразылык билдирүүдө. Алар бүгүн, 16-февралда Ошто маалымат жыйын куруп, шектүү катары кармалган үч жарандын экөө гана соттолуп, үчүнчүсү эркиндикте жүргөндүгүн айтышты. Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, күнөлүүлөрдү өмүр бою эркинен ажыратууга жардам берүүнү суранышты. “Тергөө жүрүп жаткан учурда биз уулумду жерге берип кайгырып жүргөнбүз. Ошол мезгилде тергөө иштери жакшы жүргөн эмес. Читать дальше...

Azattyk.org 

Акаеванын туугандары илешкен Кумтөр чыры

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөргө байланыштуу мыйзамсыз иштерде мурдагы президент Аскар Акаевдин аялынын туугандарын атады. Анда 2003-жылдан былтыркыга чейин аталган кенди иштеткен "Центерра Голд" компаниясынын акциясынын миллиондогон долларга сатылышына Майрам Акаеванын жакындарынын тиешеси бар экенин билдирди. 2005-жылкы март ыңкылабынан бери сыртта жашап жүргөн Аскар Акаев былтыр Кумтөргө байланыштуу Кыргызстанга эки жолу келип көрсөтмө берип кеткен. Акылбек Жапаров... Читать дальше...



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России



123ru.net — ежеминутные новости с ежедневным архивом. Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Не нравится, не хотите слышать — не читайте, читаете — будьте взаимно вежливы и корректны в своих высказываниях. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 123ru.net — обозреватель новостей. Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть —онлайн с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии. 123ru.net — живые новости в живом эфире! Быстрый поиск от 123ru.net — это не только возможность первым узнать, но и преимущество сообщить срочные новости мгновенно на любом языке мира и быть услышанным тут же. В любую минуту Вы можете добавить свою новость - здесь.


Новости от наших партнёров в Вашем городе


123ru.net — информационный сайт, транслирующий новости города Вашего города онлайн. Всё, что происходило и происходит в городе — в оперативной ленте ежедневных новостей в интерактивном режиме на сайте 123ru.net.

Самые свежие новости Вашего города, а также полный архив ежедневных событий города с аналитикой, комментариями и прямыми ссылками на источники информации. Местные городские, авторитетные региональные и популярные федеральные новостные агентства и телеканалы — в одной ленте новостей, упорядоченные по времени публикации и с обязательным указанием первоисточника информации. Ничего лишнего. Всё о чём говорят, пишут в газетах и блогах, показывают по телевизору и транслируют в интернете — из первых рук.



123ru.net — самый полный календарь значимых и не очень событий Вашего города, в Вашем городе и о Вашем городе вчера, сегодня и прямо сейчас — от пользователей нашего сайта в режиме онлайн. А также — актуальные статьи и мировые новости.

Если же Вы проживаете в городе Вашем городе или у Вас есть просто интересная информация о городе и горожанах мы всегда рады разместить её на нашем портале с указанием в публикации Вашего авторства. Пишите нам на электронный адрес: mail@29ru.net. Создайте свой блог и, если он будет интересен, то Вы получите совершенно бесплатно баннер и прямую ссылку на него, размещённую на всех страницах региональных интернет-ресурсов нашей веб-группы, а это — более 1 000 000 просмотров в месяц.







Другие популярные новости дня сегодня


123ru.net — быстрее, чем Я..., самые свежие и актуальные новости Вашего города — каждый день, каждый час с ежеминутным обновлением! Мгновенная публикация на языке оригинала, без модерации и без купюр в разделе Пользователи сайта 123ru.net.

Как добавить свои новости в наши трансляции? Очень просто. Достаточно отправить заявку на наш электронный адрес mail@29ru.net с указанием адреса Вашей ленты новостей в формате RSS или подать заявку на включение Вашего сайта в наш каталог через форму. После модерации заявки в течении 24 часов Ваша лента новостей начнёт транслироваться в разделе Вашего города. Все новости в нашей ленте новостей отсортированы поминутно по времени публикации, которое указано напротив каждой новости справа также как и прямая ссылка на источник информации. Если у Вас есть интересные фото Вашего города или других населённых пунктов Вашего региона мы также готовы опубликовать их в разделе Вашего города в нашем каталоге региональных сайтов, который на сегодняшний день является самым большим региональным ресурсом, охватывающим все города не только России и Украины, но ещё и Белоруссии и Абхазии. Прислать фото можно здесь. Оперативно разместить свою новость в Вашем городе можно самостоятельно через форму.



Новости 24/7 Все города России




Загрузка...


Топ 10 новостей последнего часа






Персональные новости

123ru.net — ежедневник главных новостей Вашего города и Вашего региона. 123ru.net - новости в деталях, свежий, незамыленный образ событий дня, аналитика минувших событий, прогнозы на будущее и непредвзятый взгляд на настоящее, как всегда, оперативно, честно, без купюр и цензуры каждый час, семь дней в неделю, 24 часа в сутки. Ещё больше местных городских новостей Вашего города — на порталах News-Life.pro и News24.pro. Полная лента региональных новостей на этот час — здесь. Самые свежие и популярные публикации событий в России и в мире сегодня - в ТОП-100 и на сайте Russia24.pro. С 2017 года проект 123ru.net стал мультиязычным и расширил свою аудиторию в мировом пространстве. Теперь нас читает не только русскоязычная аудитория и жители бывшего СССР, но и весь современный мир. 123ru.net - мир новостей без границ и цензуры в режиме реального времени. Каждую минуту - 123 самые горячие новости из городов и регионов. С нами Вы никогда не пропустите главное. А самым главным во все века остаётся "время" - наше и Ваше (у каждого - оно своё). Время - бесценно! Берегите и цените время. Здесь и сейчас — знакомства на 123ru.net. . Разместить свою новость локально в любом городе (и даже, на любом языке мира) можно ежесекундно (совершенно бесплатно) с мгновенной публикацией (без цензуры и модерации) самостоятельно - здесь.



Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Регоператор провел экологический телемост между школьниками Подольска и Москвы





Путин в России и мире
Москва

Площадь трех вокзалов в Москве получит новое имя


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко ограничил выплату дивидендов гражданам недружественных стран




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский допустил, что Москва и Киев начнут мирные переговоры


Навальный в России и мире
Москва

Мосгорсуд оставил в СИЗО журналистку Фаворскую, обвиняемую в экстремизме за репортажи о Навальном



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Григорий Лепс

«Два раза предупреждал»: Лепс заявил, что не жалеет о выбитом телефоне фанатки



Москва

Три воздушных судна из Москвы 24 апреля задерживаются с прилетом в аэропорт Владивостока

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net