Эрдоган менен Зеленский Москва-Киев ортосундагы кырдаалды талкуулады
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 3-февралда Киевге барды. Ал украин лидери Владимир Зеленский менен Москва-Киев ортосундагы кырдаалды талкуулады. "Мен мурда эле белгилегендей, Түркия эки мамлекеттин ортосундагы кризиске чекит коюу үчүн баардыгын кылууга даяр. Биз кубануу менен лидерлердин деңгээлинде же техникалык делегациялардын деңгээлинде жыйын өткөрүп бере аларыбызды бүгүнкү сүйлөшүүдө да билдирдим",-деди Эрдоган. Эрдоганга чейин Киевге НАТОго мүчө Британия, Польша жана Нидерланддын лидерлери келип кетишкен. Читать дальше...