Бишкекте "Түндүк" райондук электр тармагы ишке берилди
Бишкек шаарында 8-февралда жаңы “Түндүк” райондук электр тармагы ишке берилди. Анын ачылышына президент Садыр Жапаров катышканын өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлады.
Анын курулушу 2021-жылдын октябрында башталып, үч айда бүткөрүлгөн. "Түндүк" райондук электр тармагынын курулушу “Түндүк электр” ачык акционердик коомунун эсебинен жүргүзүлдү.
Ал Ден Сяопин, Фучик, Жибек-Жолу проспектиси, Профсоюзный көчөлөрү чектешкен жерди жана Түндүк айланма жолунун аймагын тейлейт. Андан тышкары Достук, Аска-Таш, Көлмө, Жеңиш, Ак-Босого, Хабитат, Ак-Тилек, Красный строитель, Келечек, Мурас Ордо, Калыс Ордо, Нуркожо Ата, Дордой, Эне-Сай жаңы конуштарын электр энергиясы менен камсыз кылат. Жаңы райондук электр тармагы жалпы 50 миңден ашык абонентти тейлейт.
Президент жергиликтүү тургундар менен да жолугуп 1-апрелден тарта мугалимдердин, милиция кызматкерлеринин жана энергетиктердин айлыгы көтөрүлөрүн айтты. (BTo)