Кордойдогу чатакта өлгөндөрдүн саны 11 кишиге жетти
Казакстандын Кордой районунун Масанчи айылындагы улут аралык кагылышта күйүп кеткен дагы бир адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Жамбыл облусунун губернаторунун кеңешчиси Канат Кулшыманов 13-февралда билдирди. Анын айтымында, белгисиз адамдын сөөгү чатак маалында өрттөнүп кеткен соода борборунун калдыктарын тазалоо учурунда табылган. «Анын тек-жайын аныкташ үчүн экспертиза жүргүзүлүп жатат», - деди Кулшыманов. 8-февралга караган түнү Кордой районундагы Масанчи, Сортөбе, Каракемер айылдарында... Читать дальше...