ЕККУ чечен блогерине кол салуу болгонуна тынчсызданды
Маалымат каражаттарынын эркиндигине көз салган эл аралык уюмдар чечен блогери Тумсо Абдурахмановго Европада кол салуу болгонуна тынчсыздануусун билдиришти. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Медиа эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир Абдурахмановдун "көзүн тазалоо аракети" тууралуу маалыматтар камтамачылык жаратып жатканын айтты. Ал өткөн айда да Францияда жашаган дагы бир чечен блогерине кол салуу болгонун кошумчалады. "Журналисттерди коргоо комитети" да ушундай эле билдирүү жасады. Читать дальше...