Балбан Жоламан Азия чемпионатынын күмүш медалын тагынды
Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча чоңдор арасындагы Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды. «Биргелешкен күрөш дүйнөсү» (United World Wrestling) уюмунун расмий сайтындагы маалыматына ылайык, Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан мелдеште Шаршенбеков бүгүн, 19-февралда грек-рим күрөшүнөн 60 килограммга чейинки салмакта финалга чейин жетти. Алтын байге үчүн болгон беттеште ал жапониялык дүйнө чемпиону Кеничиро Фумита менен күч сынашып, 4:0 эсебинде жеңилди. Жоламан... Читать дальше...