Азербайжанда парламенттик шайлоо өттү
Шайлоо мөөнөтүнөн мурда болду. 9-февралда жергиликтүү убакыт менен саат 19:00дө добушканалар жабылды. Борбордук шайлоо комиссиясы алардын жабылышына 2 саат калганда элдин катышуусу 44,84% түзгөнүн билдирген. Буга чейин кайталап добуш берүү, добушканалардагы видео чагылдыруунун үзгүлтүккө учурашы, өз алдынча байкоочуларга тоскоолдук кылуу сыңары мыйзам бузуу фактылары тууралуу кабарланган. Баштапкы санактар 10-февралда белгилүү болмокчу. Парламенттеги 125 мандат үчүн 19 партиядан 272 талапкер ат салышты. Читать дальше...