Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак дүйнөдөн кайтты
Убагында Египетти дээрлик 30 жыл бою башкарып турган Хосни Мубарак 25-февралда, 91 жаш курагында көз жумду. Ал өлкөнү 1981-жылдан 2011-жылга чейин башкарып турган. 1981-жылы 6-октябрда Каирде аскердик парад учурунда Египеттин ошол кездеги президенти Анвар Садат террорчунун огунан мүрт кеткен. Көп өтпөй анын ордуна Хосни Мубарак президент болуп келген. 1987-1993 жана 1999-жылдары референдум аркылуу улам шайланып отурган. 2005-жылы өлкөнүн Баш мыйзамына өзгөртүү киргизилип, бардык партияларга... Читать дальше...