Чили: кийим тиккен фабрикадагы өрт сегиз адамдын өмүрүн алды
Чилидеги калайман башаламандыкта кийим тиккен фабрика өрттөлүп, анда сегиз адам каза тапты. Метронун жол киреси жарым центке (үч сомго) кымбаттаганына байланыштуу бул өлкөдө үч күндөн бери нааразылык, тоз-тополоң токтобой жатат. Көчөгө чыккандар машинелерди өрттөп, дүкөндөрдү жна башка жайларды талкалап жатышат. Полиция аларга каршы жаш агызган газ колдонду. Борбор шаар Сантьягодо, бир катар шаарларда өзгөчө абал жарыяланды. Чилинин президенти Себастьян Пинера тартип орнотуш үчүн көчөлөргө... Читать дальше...