Жергиликтүү бийлик электр энергиясын колдонуу лимитин көзөмөлдөйт
Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары өз аймактарында электр энергиясын пайдалануу лимити боюнча тапшырманын аткарылышын өзгөчө көзөмөлгө алышат. Өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдоонун жүрүшү жөнүндөгү токтомуна ылайык, аларга ушундай милдеттенме жүктөлдү. Документке премьер-министр 14-октябрда кол койгон. Бирок токтомдогу «лимит» деген сөзгө түшүндүрмө жазылбагандыктан, коомчулук арасында «кышында жарык өчүрүлүшү мүмкүн» деген түкшүмөл ойлор пайда болду. Читать дальше...