Спорт ордосу отургучтардагы жарнама боюнча түшүндүрмө берди
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосу имаратты оңдоп-түзөө иштеринин алкагында көрүүчүлөр отурчу отургучтарга түшүрүлгөн «Элит Хаус» («Elite House») курулуш компаниясынын логотиби боюнча түшүндүрмө берди.
Спорт ордонун директорунун орун басары Самат Токтоналиев спорт ордосун оңдоодо каражаттын жетишсиздигинен «Элит Хаус» менен өнөктөштүк макулдашуу түзүлгөнүн, ага ылайык компания концерттик залдын 2200 отургучун оңдоо жана алмаштыруу, өрткө каршы жабдуу менен көшөгөнү алмаштыруу сыяктуу бир топ милдеттерди өзүнө алганын айтты.
Келишим боюнча «Элит Хаустун» логотиби отургучтарга жазылган жана компания үч жыл бою спорт ордонун имаратына тренингдерин бекер өткөрөт.
Токтоналиев демөөрчү болгон ишканалардын атын жазуу дүйнөлүк практикада көп эле колдонулуп келерин айтып, социалдык тармактардагы сын-пикирлерге жооп берди:
- Отургучтар толугу менен жасалып сонун көрүнүп калды. «Элит Хаус» деген жазуу кимге ыңгайсыздык жаратып жатканын түшүнгөн жокмун. Концерт көрүп атканда ыңгайсыз болуп атабы же маанайын түшүрөбү? Түшүнүү оор экен. Бирок жалпы жонунан, келгендер «отургучтар ыңгайлуу болуп калыптыр» деп кетип жатышат.
Спорт ордосундагы «Элит Хаус» («Elite House») курулуш компаниясынын логотиби жазылган отургучтар Интернет колдонуучулардын талкуусуна түшкөн.
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосун оңдоо иштери 14-августта башталган. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматы боюнча, аталган имаратта 2012-жылдан бери ремонт иштери болгон эмес.
Кожомкул атындагы спорт ордосу 1976-жылы курулуп бүткөн. Имараттын аянты эки гектарга жетет, чоң залында спорттун бардык түрү боюнча мелдештер, концерттик программалар жана ар кандай коомдук иш-чаралар өтөт. Залга үч миңге жакын көрүүчү батат. (BTo)