«Электр станцияларынын» директорунун орун басары каза болду
«Электр станциялары» ишканасынын директорунун орун басары Азамат Жөөтуманов каза болду. Бул тууралуу «Улуттук энергохолдингдин» басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеме тараткан маалыматка караганда, Жөөтуманов 39 жашта болчу. Ал инсульттан улам 20-октябрда көз жумган. Анын артында үй-бүлөсү, төрт баласы калды. (BTo)