Матраимовдордун үй-бүлөсү 24.kg сайтына койгон акчалай доосунан баш тартты
Бул тууралуу журналисттерге Матраимовдордун жактоочусу Канатбек Азиз билдирди. Анын маалыматына караганда, сайтка коюлган 15 млн. сом материалдык доо артка алынды, бирок арыздын өзү калды. - Биз 24.kgнин юристтери, редакторлору менен сүйлөшүп макулдашууга келгенбиз. Алар «бизде далил жок. Биз иликтөөнүн автору эмеспиз» деп өз эрки менен маалымат жарыялашты. Биз «фактыларды көрсөткүлө же фактыңар жок болсо ачык айткыла» деп айтканбыз. Ошондуктан биз доону чакыртып алуу боюнча сотко өтүнүч келтирип, судья аны карап жатат, - деди Канатбек Азиз.