Жикчил Абхазиянын лидери кызматтан кетти
Грузиядан бир тараптуу өз алдынчалык жарыялап алган Абхазиянын лидери Раул Хажимба баш калаа Сухумиде төрт күндөн бери уланып жаткан нааразылык акциясынан улам кызматтан кетти. Маалыматты парламент спикери Валерий Кварчия орустардын ТАСС агенттигине ырастады. Ал мындан ары аймакты премьер-министр башкарып турушу ыктымал экенин билдирип, так чечим 13-январда өтчү парламент жыйынында кабыл алынарын кошумчалады. Хажимба кызматтан кетерден бир нече саат мурда орус президенти Владимир Путиндин жардамчысы Владислав Сурков менен жолуккан. Читать дальше...