ИМ тобунун согушкери Саидрахмонов Сириядан Тажикстанга экстрадицияланат
«Ислам мамлекети» (ИМ) террордук тобунун идеяларын жайылтуучу жана тажик согушкери Парвиз Саидрахмонов («Абу Довуд») жакынкы күндөрү Сириядан мекенине алып келинет. Бул тууралуу 28-январда Тажикстан Башкы прокуратурасынын расмий өкүлү Музаффар Юсуфи билдирди.
Анын айтымында, буга керектүү бардык документтер даярдалып бүттү.
- Бул маселе оң жагына чечилип, жакынкы күндөрү ал Тажикстанга жеткирилет деп үмүттөнүп жатабыз. Саидрахмоновдон тышкары тажик жарандарын террордук уюмдардын катарына азгырган ИМ тобунун башка жоочулары дагы экстрадицияланат, — деди ал.
Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон Сирия абактарындагы башка тажик жоочулары, анын ичинде Абу Усама Нораки деген ат менен таанымал Тожиддин Назаров да экстрадициялана турганын билдирди.
- Сирияда камакта отурган бардык жоочулар Тажикстанга өткөрүлүп берилгенден кийин сөзсүз кылмыш жоопкерчилигине тартылат, - деди Рахмон.
Парвиз Саидрахмонов менен Тожиддин Назаров мекенинде экстремизмге жана жалданмачылыкка айыпталууда.
Маалыматка караганда, душанбелик 35 жаштагы Парвиз Саидрахмонов (Абу Довуд) быйыл жайында Идлиб провинциясындагы Багуз кыштагынан чыгып келатканда кармалган. ИМ тобунун катарына 2014-жылы кошулган Саидрахмонов бул террордук уюмдун идеяларын тажик жарандарынын арасында жайылтып келгендердин бири. Учурда ал Сириянын Африн шаарындагы түрмөлөрдүн биринде камакта отурат.
Түркиядагы булактардын билдиришинче, Сирияда дагы бир тажикстандык жихадчы Тожиддин Назаров да камакка алынган. Азыр ал Дейр-эз-Зор шаарындагы түрмөдө экени кабарланууда.