Президент Жээнбеков Коопсуздук кеңеш жыйынын чечимине кол койду
24-январда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинде кабыл алынган чечимде "Айрым мамлекеттик органдарга терең кирген коррупция, мамлекеттик органдардын натыйжасыз өз ара кызматташуу, арасындагы так координациялоонун жоктугу, мамлекеттик, жергиликтүү бийлик жана өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлордун ишине кийлигишүүсү жана башка түрдүү терс факторлор өлкөнүн өнүгүшүнө бир нече жылдар бою терс таасирин тийгизип келди. Бул бир эле сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарына гана эмес, экономикалык тармактарга да таасир тийгизди" деп жазылган. Ошондой эле Коопсуздук кеңешинин 2018-2019-жылдагы жыйындарынын чечимдерин ишке ашырууда кемчиликтер кетирилип, каралган бардык иш-чаралар тиешелүү деңгээлде жана белгиленген мөөнөттө ишке ашпай жатканы айтылган.
Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы жана 14-декабрындагы, 2019-жылдын 30-январындагы чечимдерин ишке ашыруу аракети жетишсиз деп табылган.
Буга байланыштуу өкмөт башчыларына чечимдерде каралган иш-чараларды ишке ашырууга каражат табуу, мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун камсыздоо, санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашырууда жол картасынын сапаттуу жана мөөнөтүндө аткарылышына көзөмөлдү күчөтүү талабы коюлган.
Чечимде ошондой эле "Коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө" мыйзамды аткаруу үчүн мындай укук бузууларды билдирген адамдарга материалдык сый акы төлөп берүүнүн тартибин кароо милдеттендирилген.
Булардын ишке ашуусуна көзөмөл кылуу өкмөткө, Жогорку сотко, Башкы прокуратурага жана башка мамлекеттик органдарга жүктөлгөн. Берилген тапшырмаларды аткаруу үчүн 1-апрелден 1-июнга чейин мөөнөт берилген.
Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин мурунку чечимдерин аткарбаганы үчүн тийиштүү жетекчилерди жоопкерчиликке тартууну өкмөт башчы Мухаметкалый Абылгазиевге тапшырган.
Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү 28-январда кабарлады.(ZKo)