Ирак парламенти чет өлкөлүк аскерлерди чыгарууну колдоду
Иракта парламент «Ислам мамлекети» террордук уюмуна каршы түзүлгөн коалиция менен макулдашууну токтотууну жана чет өлкөлүк аскерлердин баарын өлкөдөн чыгарууну колдогон резолюция кабыл алды. Буга Багдаддагы эл аралык аэропорттун жанында Ирандын таасирлүү генералы Касем Сулеймани аба соккусунан өлтүрүлгөнү негиз болду. Анын алдында ушундай сунуш менен парламентке премьер-министрдин милдетин аткаруучу Адил Абдул Махди кайрылган болчу. Ал муну АКШ баштаган бир катар мамлекеттер менен алакка-катышты кайрадан карап чыгш үчүн зарыл деп негиздеген. Читать дальше...