Ошто күйөөсүнүн өлүмүнө шектелип жаткан келиндин соту башталат
Ишти Ош шаардык соту карайт. Айыпталуучунун адвокаты Мухайё Абдураупованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, келинге Кылмыш кодексинин 134; 3.1 (адамдын саламаттыгына өлүмгө жеткирген оор залал келтирүү) беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүшкө алынган:
-Бул окуя боюнча жазган маалымат каражаттары да бир жактуу аны айыптап жатышат. Аны күйөөсү дайыма уруп-сабаганы, келин өзүн коргоо үчүн аргасыздан күйөөсүн темир союл менен башка чабууга мажбур болгону тууралуу эч жерде айтылбайт. Ошондуктан, биз коомчулуктан бул ишке кайдыгер болбоосун өтүнөт элек. Анткени, үй-бүлөлүк зомбулуктан улам күйөөсүнө кол көтөргөн келиндер эле айыптуу болуп калып жатышат.
Адвокаттын айтымында, келин кармалган учурда денесинде көгала тактар болгон. Күйөөсүнүн токмогун жеп жүргөнүн коңшулары, туугандары билген, бирок бул тууралуу тергөө материалдарында да, маалымат каражаттарында да айтылган эмес.
Ош шаарынын тургуну, 29 жаштагы келин 20-ноябрь күнү күйөөсүн темир союл менен уруп өлтүргөн деген шек менен камакка алынган. Шектүү келин маркум күйөөсү менен жети жыл жашаган, ортодо эки баласы бар.
2019-жылы Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу 8159 арыз катталса, алардын 554ү гана сотко жөнөтүлгөн. 7045 иш тосмо арыз жазылгандыктан кыскартылган.(ZKo)