Акматбек Келдибеков сотто «Kyrgyztoday.kg» басылмасын утту
Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун «Kyrgyztoday.kg» басылмасына карата доо арызын карап, чечим чыгарды. Ар-намысына шек келтирилгенин айткан саясатчы басылмадан 1 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон суранган. Сот жагдайды териштиргенден кийин Келдибековдун кызыкчылыгына 30 миң сом өндүрүп алуу жөнүндө чечим чыгарганын 28-октябрда «Азаттык» радиосуна «Kyrgyztoday.kg» басылмасы билдирди. Келдибековдун басма сөз катчысы Алтынай Ормотоева сот туура чечим кабыл алганын белгилеп... Читать дальше...