Өкмөт ун эки эсе кымбаттаганы жөнүндө маалыматты четке какты
Өкмөт Кыргызстанда ундун баасы эки эсе көтөрүлгөнү тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаеванын маалыматын четке какты. Өкмөттүн басма сөз кызматы 28-октябрда тараткан маалымат боюнча, 2018-жылдын 1-октябрында республика боюнча 1-сорттогу 1 килограмм ундун баасы орто эсеп менен 23,7 сомду түзгөн. Быйыл октябрь айында республика боюнча ушундай эле сорттогу 1 килограмм ундун наркы орто эсеп менен 28,1 сом болуп жатат. Жыйынтыгында бир жылдын ичинде биринчи сорттогу 1 килограмм ундун чекене баасы 18,4% жогорулады. Читать дальше...