29-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат
29-октябрда Кыргызстанда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21;
Таласта түнкүсүн -4…+1, күндүз 16…21;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16;
Нарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 18…20° градус болот.