Түрмөдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулуп, Кыргызстандан чыгып кеткен кримтөбөл Азиз Батукаевдин адвокаты Али Касымовдун укуктары бузулуп жатат. Бул тууралуу жактоочунун кесиптештери, адвокаттар айтып жатышат. Бүгүн, 19-августта Адвокаттар кеңешинин мүчөлөрү, айрым жактоочулар Касымовдун жагдайын мисал кылып басма сөз жыйынын өткөрүшөт. Кеңештин төрагасынын орун басары Жыргал Бабаевдин «Азаттыкка» билдиргенине караганда, азыр кесибине байланыштуу 8-9 жактоочуга кылмыш иши козголуп, айрымдары абакта отурат. Читать дальше...