Дарыгерлер Сапар Исаковду кошумча текшерүүдөн өткөрүштү
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугун дарыгерлер кошумча текшерүүдөн өткөрүштү. Адвокаты Нурбек Токтакунов анын жыйынтыгы 27-августта чыгарыларын «Азаттыкка» билдирди: - Абалы жакшы эмес. Өңү бопбоз болуп кеткен. Кирип, сүйлөшүп жатам. Мындан аркы дарыланышы дарыгерлердин текшерүүсүнүн жыйынтыгына жараша болот. Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча козголгон кылмыш ишине тиешеси бар киши катары Сапар Исаков 2018-жылы Улуттук коопсуздук боюнча... Читать дальше...