Орусия: жарылууда каза тапкан Росатомдун беш кызматкери жерге берилди
Архангелск облусунун аскер полигонундагы жарылууда каза тапкан беш кызматкердин сөөгү жерге берилди. Жаңы өзөктүк кыймылдаткычты сынап жаткан учурда көз жумган беш кишинин тажиясына миңдеген адам катышты. 12-августта алардын баары Москвадан 375 чакырым чыгыштагы, 1940-жылдардан бери өзөктүк курал жасоо борбору болгон, жабык Саров шаарында жерге берилди. Росатом ишканасынын башчысы Алексей Лихачев курман болгондорду «чыныгы баатырлар» жана «биздин өлкөнүн сыймыгы» деп атады. Орусиядагы Росатом... Читать дальше...