Лейлекте чек арада чыккан чырдан эки адам жараат алды
Лейлек районунда чек арага жакын айылда 24-августта чыккан чырдан кыргызстандык эки жаран жабыркады. Бул тууралуу Лейлек районунун администрациясынын аппарат жетекчиси Эрмек Бахавадинов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, чек арага жакын Борбордук айылынын тургуну чарбагына тосмо куруп жаткан учурда отузга чамалуу тажик жараны таш ыргыткан. Окуяны жөнгө салуу үчүн барган милиция кызматкерине таш тийип, ооруканага жеткирилди. Андан башка дагы бир кыргыз жараны жараат алган. Кыргыз тараптан эл чогулган эмес. Читать дальше...