Ооганстан: жардырууну "Ислам мамлекети" мойнуна алды
Кабулдагы жардыруу үчүн өзүн “Ислам мамлекети” атаган террор тобунун Ооганстандагы бөлүмү жоопкерчилик алды. 17-августтун кечиндеги үйлөнүү үлпөт учурундагы кол салуудан мерт болгондор 63 кишиге жетти. Арасында аялдар жана балдар да бар. 183 адам түрдүү деңгээлде жаракат алды. Улуттар Уюму "Дубай-Сити" үлпөт залындагы жардырууну Ооганстандагы шииттерге каршы жасалган «тири шумдук» зомбулук деп сынга алды. Мындан тышкары кыргынга байланыштуу АКШнын Кабулдагы элчилиги баштаган эл аралык уюмдар билдирүү жасашты. Читать дальше...