Иран: өмүр бою соттолгон программист Саид Маликпур түрмөдөн качып кетти
Иранда туулуп-өскөн канадалык программист Саид Маликпур 11 жылдан кийин абактан качып, Канадага кайтып келди. Ал 2008-жылы Ирандагы ооруган атасын көрүү үчүн барган кезде камакка алынып, порно сайттарды жасаган деп күнөөлөнгөн. Алгач ал өлүм жазасына кесилип, кийин бул өмүр бою камак жазасы менен алмаштырылган. Саид Маликпурдун Канадага кайтып келгендеги видеосун карындашы «Твиттерге» жайгаштырып, бирок кең-кесири маалымат берген жок. Иран бийлиги 44 жаштагы Маликпур кыска мөөнөткө абактан бошоткон кезде качып кеткенин кабарлады. Читать дальше...