Орус парламентинде кылмышка шектүү сенатор кармалды
Федерация Кеңешиндеги Карачай-Черкес жумуриятынын өкүлү Рауф Арашуков парламенттин жабык жыйыны өтүп жатканда кармалды. Жыйынга Орусиянын башкы прокурору Юрий Чайка жана Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин катышкан. Арашуков кол тийбестик макамы алынгандан кийин өзүн жыйындар залынан кармоого жана тинтүүгө макул болду. Орус маалымат агенттиктери сенатор бир катар кылмыштар боюнча шектүү катары кармалганын кабарлашты. ТАСС агенттигинин өз булагы «тергөөчүлөр андан бир катар оор кылмыштар боюнча... Читать дальше...