AI: былтыр Иранды массалык кармоолор каптады
Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International - AI) 2018-жылы Иранда жети миңден ашуун киши камалганын билдирип, былтыр Тегеран үчүн “уялгыдай” жана “ырайымсыз репрессия өнөктүгү” ишке ашкан жыл болгонун билдирди. Эл аралык уюмдун баяндамасында айтылгандай, 2018-жылы студенттер, журналисттер, эколог-активисттер, жумушчулар жана укук коргоочулар камакка алынган. Кармалгандардын арасынан элүүгө чукулу маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, алардын бери дегенде жыйырмасы “шарты катаал түрмөлөргө” айдалса... Читать дальше...