Помпео Орусияда кармалган АКШ жараны боюнча үн катты
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Орусияда америкалык жарандын тыңчылыкка шектүү катары кармалышы тууралуу комментарий берди. Ал Кошмо Штаттардын Орусиядагы консулдугунун өкүлдөрүнө Пол Уилан менен жолугууга уруксат берилет деп күтүп жатканын, эгер ага тагылган айыптар негизсиз болсо, анда Вашингтон Москвадан өз жаранын кое берүүнү талап кылаарын 2-январда Бразилиядагы сапары учурунда айтты. Помпео АКШ Орусиядан өз жаранынакандай айыптар коюлуп жатканын так түшүндүрүүнү да сураганын кошумчалады. Читать дальше...