Душанбеде быйыл үч кабаттуу эки эстакаданын курулушу бүтөт
Тажикстандын башкалаасы Душанбеде үч кабаттуу эки эстакаданын курулушу үстүбүздөгү жылдын этегине чейин бүтөт. Бул тууралуу 31-январда шаардын вице-мэри Махмадсаид Зувайдзода билдирди. «Азаттыктын» тажик кызматынын эстакаданын курулушунан улам микрорайондордун тургундары «туңгуюкка» кептелип калганы жөнүндө суроосуна Зувайдзода «Эмомали Рахмон ишти 2019-жылдын этегине чейин бүтүрүүгө тапшырма бергенин» айтып жооп берди. Курулуш жүрүп жаткан аймактагы бир нече микрорайондун 100 миңден ашуун тургуну күнүгө 3-5 чакырым жөө басып... Читать дальше...