МАГАТЭ: Иран өзөктүк келишимди кайрадан бузду
Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергия боюнча агенттиги (МАГАТЭ) Иран дүйнөлүк державалар менен беш жыл мурда кол коюлган өзөктүк келишимди бузуп жатканын билдирди. Уюм буга Ирандагы Натанз заводунун аймагында уран байытуучу центрифугалар ишке киргенин жүйө келтирди. МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси Натанздагы жер төлөөдө орнотулган центрифугалар иштей баштаганын 18-ноябрдагы маалымат жыйынында айтты. Уюм заводдо центрифугалар орнотулганы тууралуу маалыматты өткөн аптадагы баяндамасында ачыкка чыгарган. Читать дальше...