Венадагы кол салуудан кеминде бир киши набыт болду
Вена шаарынын чок ортосундагы синагоганын жанында болгон кол салуудан полициячы жараат алганы кабарланды. Кол салгандардын бири өлтүрүлдү, дагы бир нечеси качып кетүүгө үлгүргөн. Качкандарды издөө иштери улантылып жатат. Австриянын борбору Венада полициячылар "ири операция" жүргүзүп жатканы маалымдалды, азырынча окуянын чоо-жайы тактала элек. Kronen Zeitung басылмасы жергиликтүү жөөт коомчулугу улутташтарын көчөгө чыкпай турууга үндөгөнүн билдирди.