Саймаитинин өлүмү: Киллерди ким жалдаган?
Айеркен Саймаити журналисттерге жашыруун аткезчилик империясы жана аны ишке ашырууга жол ачкан таасирдүү кыргыз аткаминери тууралуу айтып берген. Азыр эми колубузга тийген документтер анын кантип жок кылынганы тууралуу кабар берет. Саймаитини 2019-жылдын 10-ноябрында Стамбулдагы кафеде белгисиз бирөө атып кеткен.