Кино оператор Мурат Алиев пневмониядан кайтыш болду
Кыргыз Республикасына Эмгек сиңирген маданият ишмери, советтик жана кыргызстандык кино оператор Мурат Алиев 17-июлда оорудан 72 жашында дүйнөдөн кайтты. Кесиптештери "Азаттыкка" Алиев пневмониядан каза тапканын билдиришти. Мурат Алиев жаш муундагы операторлорду тарбиялап келген. 1997-2002 жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окутуучу болуп иштеген. "Asian World Film Festival"(АКШ) үчүнчү фестивалында Мурат Алиевге “Дүйнөлүк кинематографка кошкон салым үчүн” аттуу сыйлык ыйгарылган. Читать дальше...