Кыргызстанда жашоо минимуму 4900 сом деп эсептелди
Социалдык фондддун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов 17-июлдагы брифингде 2020-жылы жашоо минимуму 4900 сомду түзгөнүн билдирди. Анын айтымында, пенсионерлердин 58% жашоо минимумунан жогору өлчөмдө акча алат.
“Бүгүнкү күндө пенсия өз убагында төлөнүп жатат жана мындан ары дагы төлөнүп турат. Пенсионерлер бул боюнча кабатырланбай эле койсо болот. Айта кетсек, өткөн жылы 600 миңден ашык пенсионерге жалпы 43 млрд. сомдон ашык пенсия төлөнгөн”, - деди Асанов.
2020-жылы алты ай ичинде Социалдык фонд 23 млрд. 654 млн. сом өлчөмүндө пенсия төлөп берди. Өлкөдө 676 миң пенсионер бар.
Апрель айында Улуттук статистика комитети январь-март айларында жашоо минимумунун нарктык чоңдугу киши башына 5167 сомду түзгөнүн маалымдаган. Жашоо минимуму – адамдын күнүмдүк жашоо-тиричилигине жетиштүү азык-түлүк менен тейлөөнүн минималдуу наркын камтыган көрсөткүч. (TSh)