Беларуста Тихановская, Бабарико жана Цепкалонун штабдары бирикти
Беларуста президенттикке талапкер болуп катталган Светланы Тихановскаянын штабы расмий каттоодон өтпөй калган "Белгазпромбанктын" мурдагы башчысы Виктор Бабарико менен Жогорку технологиялар паркын негиздеген Валерий Цепкалонун штабдары бирикти. Мындай чечим тараптардын 16-июлдагы жолугушуусунан кийин кабыл алынды. Алар тараткан маалыматта шайлоо өнөктүгү маалында жарандарды добуш берүүгө үндөшөөрү, саясий туткундарды, экономикалык кылмыштарга айыпталып камалган саясатчыларды бошотууну талап кылышары айтылат. Читать дальше...