Хабаровскидеги митингге 50 миңдей адам чогулду
Орусиянын ыраакы чыгышындагы Хабаровск шаарында чөлкөмдүн оппозициячыл губернатору Сергей Фургалды камактан бошотууну талап кылган көчө акциялары 9 күндөн бери уланып жатат. Бул жекшембиде демонстранттардын саны 50 миңден ашканы кабарланды. Бул Хабаровкс шаарынын тарыхындагы эң ири митинг деп бааланууда. Ал эми жергиликтүү полиция митингчилердин саны тууралуу эч кандай билдирүү тарата элек. Жекшембидеги митингде «Эркиндик» жана «Мен/биз Фургал» деген ураандарга эми саясий туткундардын аттары да кошулду. Читать дальше...