Бухаресттеги өрт үчүн айыптуулар кесилди
Румыния соту 2015-жылы Бухаресттеги түнкү клубда болгон өрт үчүн айыптуу 13 кишини кести. Кырсык 65 кишинин өмүрүн кыйып, өлкөдө массалык нааразылыкка алып келген. Бухаресттин муниципалдык соту 16-декабрда клубдун 3 ээсин ар бирин 11 жыл 8 айга эркинен ажыратты. Алар өрткө алып келген коопсуздук эрежелерин сактаган эмес деп табылды. Өрт 2015-жылдын октябрында рок концерт маалында тутанган. Шоу салют менен коштолгон. Ошол фейерверк менен камсыздаган компаниянын 3 өкүлү 10 жылдан 12 жылга чейин кесилди. Читать дальше...